Дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмегинде Илон Маск экинчи орунга чыкты

24 ноября 2020, 13:30

Tesla жана Space X ири компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмегинде экинчи орунга чыкты. Кирешесинин жалпы көлөмү - 7.24 млрд доллардан 128 млрд долларга чыкты. 

Муну менен катар ал 128 млрд $ байлыгы бар Билл Гейтсти артка таштады. Биринчи орунга Жефф Безос 182 млрд $ кирешеси менен чыккан. 

Эске сала кетсек, кечээ Илон Маск Форбестин тизмесинде төртүнчү орунга илинген болчу. 2020-жылы Тесланын акциясы жогорулаганда жана компаниянын капиталы өткөндө Илон Масктын кирешеси дароо 100 млрд долларга көбөйгөн. Жыл башында ал 35-орунда болчу.