Орусия Кыргызстанга дагы 142 млн кВт/саат электр энергиясын жеткирди

17 августа 2023, 09:58

Кыргызстан жыл башынан июнь айына чейин 2 миллиард 104 миллион 187,4 миң киловатт-саат электр энергиясын импорттоду. Бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,3 эсеге көп.

Төрт өлкө электр энергиясы менен камсыздоочу болуп калды – Казакстан, Россия, Өзбекстан жана Түркмөнстан. Андан сырткары, акыркысы биздин республика үчүн негизги сатуучу болуп саналат, ал жактан импорт жалпы көлөмдүн 47,9%ын же 1 млрд 7,5 млн киловатт-саатты түздү. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көлөм 13,7%га азайган.

Берилген электр энергиясынын көлөмү боюнча экинчи орунда Казакстан турат, ал бизге 667 миллион 573,9 миң киловатт-саат экспорттогон, үчүнчү орунда Орусия 283 миллион 440 миң киловатт-саат, анын ичинен 141,7 миллион киловатт-сааты январь-май айларында жөнөтүлгөн.

Белгилеп кетсек, Казакстан жеткриүүнү 1,6 эсеге көбөйтсө, өткөн жылдын ушул мезгилинде Орусия Кыргызстанга электр энергиясын жөнөткөн эмес. Ошондой эле Өзбекстан быйыл бизге 145 миллион 635,4 миң киловатт-саат электр энергиясын берген.

Импорттолгон киловатт-саат электр энергиясынын орточо баасы Улуттук банктын расмий курсу боюнча 2,38 сомду түздү. Ошол эле учурда Казакстандан келген электр энергиясы республика үчүн эң кымбат – 2,65 сомдон берилет.