Турциядан келген импорт 57 млн $ азайган

27 ноября 2019, 13:41

2019-жылдын 9 айында статистикалык комитеттин берген маалыматына ылайык, Кыргызстанга Турциядан келген импорттун көлөмү 57 млн $ азайган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 27-ноябрындагы жыйынында депутат Пархат Тулендыбаев билдирди. 

Буга жооп катары, экономика министрлиги азыркы учурда Турциядан алынып келинген продукциялардын көлөмү кайрадан калыбына келип жаткандыгын айтты. Азайуунун себебин, товар Россия, Казакстан рыногу аркылуу келери менен түшүндүрдү.