Кыргызстанда импорттун көлөмү экспорттон 411 млн $ жогору болгон

22 марта 2021, 12:20

2020-жылы Кыргызстандан 1.8 млрд долларга товар импорттолгон, бул экспорттон 411 млн долларга жогору. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти. 

 

Комиссиядан билдиришкендей, отчеттук мезгил убагында импорттун көлөмү 36.7% кыскарган, ал эми экспорт 5.5% жогорулаган.

ЕЭКтин маалыматына ылайык, Казакстандагы экспорттун көлөмү импорттон жогору болгон (экспорт - 41.4 млрд доллар, импорт - 23.9 млрд доллар) жана Россияда экспорт - 304.7 млрд доллар, импорт - 213.7 млрд долларды түзгөн.