Азия - Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун өлкөлөрүнүн ЕАЭБге импорту 81,7 млрд долларды түздү
Ушул жылдын жети айында Азия - Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун өлкөлөрү ЕАЭБге 81,7 миллиард долларга товар импорттогон, деп билдирди ЕЭК.
Импорттун жарымынан көбүн Кытай ээлейт - 44,9 миллиард доллар, андан кийин АКШ - 11 миллиард доллар, Түштүк Корея - 8,6 миллиард доллар жана Жапония - 5,5 миллиард доллар.
Аталган уюмга болгон экспорт 82,1 миллиард долларды түздү.