ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Кыргызстанга импорту 1,1 млрд доллардан ашты

21 сентября 2021, 16:20

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Кыргызстанга импорту 2021-жылдын январь-июнь айларында 1,1 миллиард доллардан ашты. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жеткирүүлөр 21,4%га өстү, деп билдирди ЕЭК.

Негизинен Кыргызстанга товарды Орусия (794,5 миллион доллар) жана Казакстан (302 миллион доллар) импорттошкон. Эки мамлекет жеткирүүнү 20% га көбөйттү.

Беларусиядан импорт 21,2 миллион долларды, Армениядан 8,8 миллион долларды түздү. Эске салсак, Кыргызстан Арменияга эч нерсе экспорттобойт.