Кыргызстанда январь-май айларында импорт 31.8 пайызга азайды

20 июля 2020, 08:59

Алдына ала маалыматтарга караганда, 2020-жылдын январь-май айларындагы сырткы товар алмашуу 2 млрд 125.8 млн сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу 22.7 пайызга төмөндөгөн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги билдирет.

Анын ичинде экспорт – 765.3 млн доллар (1.2 пайызга көбөйгөн), жана импорт – 1 млрд 360.5 млн доллар (31.8 пайызга азайган).

Импорттун экспортко салыштырмалуу алда канча алдыда экендигине байланыштуу, соода балансынын терс сальдосу 595.2 млн долларды түзөт»,-деп айтышат мекемеден.