ЕАЭБдеги өнөр жай продукцияларынын бааларынын индекси бир жылдын ичинде 2,6% га өстү

20 сентября 2021, 09:15

ЕАЭБ үчүн өнөр жай өндүрүүчүлөрүнүн бааларынын индекси 2021-жылдын июлунда 2021-жылдын июнь айына салыштырмалуу 2,6%, 2020-жылдын декабрынан 22,9%, 2020-жылдын июлунан 28,4%ды түздү. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти. 

2021-жылдын июлунда 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде өнөр жай өндүрүүчүлөрүнүн баасынын жогорулашы Казакстанда (33%), Орусияда (23%), Беларуста (10,3%), Арменияда (4,5%), Кыргызстанда (4,1 %) байкалган.