Кыргыз фондулук биржасынын индекси жыл башынан бери 33,7% өстү

28 октября 2022, 12:33

Кыргыз фондулук биржасынын индекси 27-октябрга карата 1960,24 балл деңгээлинде болду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

 Капиталдаштыруу деңгээли 68 миллиард 310,05 миллион сомго жетти.

 Быйыл,1-январга карата Кыргыз фондулук биржасынын индекси 1466,08 пунктту түздү. Ошентип, жыл башынан бери Кыргыз фондулук биржасы индекси 33,7% өстү. 

 “Бул Кыргыз фондулук биржасы жана жалпы Кыргызстандын биржасы үчүн тарыхый максимум. Бул 2022-жылы “Кыргызиндустрия”, “Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүү фонду”, “Мамлекеттик ипотекалык компания” сыяктуу мамлекеттик ишканалар листингден өткөндүгүнүн көрсөткүчү. Мындан тышкары, тизмеге кирген мамлекеттик банктар фондулук рынок аркылуу капиталдаштырууну жогорулатат. Ал эми биз листингге кирген компаниялардын башка акцияларынын да наркынын өсүшүн көрүп жатабыз. Мына ушул факторлордун баары Кыргыз фондулук биржасынын индексинин кескин секирүүсүнө жана капиталдаштыруусуна таасирин тийгизди”, - дейт Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө эки компания листинг процедурасынан өтүп, бир катар ишканалар кезекте турат. Бул бизнес Кыргыз фондулук биржасынын листингине абдан кызыктар экенин көрсөтүп турат.

Кошумчалай кетсек, биржа индекси баалуу кагаздар рыногунун абалынын көрсөткүчү болуп саналат. Эң ликвиддүү жөнөкөй акциялардын же облигациялардын себетинин негизинде эсептелинет. Ал фондулук рыноктун абалын баалоого жана экономикалык циклдин учурдагы абалын аныктоого мүмкүндүк берет.