Кыргыз фондулук биржасынын индекси дээрлик 6%га төмөндөдү

8 февраля 2023, 09:58

Кыргыз фондулук биржасынын индекси 7-февралда 2 миң 352,17 пунктту түзүп, 5,87% төмөндөдү.

Индекс экинчи күн катары менен төмөндөдү. Алсак, 6-февралда 2,19% түшкөн. Кыргыз фондулук биржадан “Акчабарга” түшүндүрүшкөндөй, көрсөткүчтүн төмөндөшү “Манас” аэропортунун акцияларына байланыштуу, анын баасы 6-февралдагы аукциондо 660 сомго чейин түшкөн.

Ошентип, 6-февралдагы аукциондо “Манас” аба майданынын акцияларынын бир нускасы 880 сомдон сатылды. Жалпысынан 14 баалуу кагаз 12 миң 320 сомго бааланды. Буга чейин 1-февралда аэропорттун акциялары 950 сомдон сатылган. Ал эми акыркы операциялардын жыйынтыгы боюнча алар 660 сомго чейин азайган. Ошентип, “Манас” эл аралык аэропортунун баалуу кагаздарынын жалпы төмөндөөсү эки күн ичинде 30,5%ды түздү.