Индиялык авиакомпания Кыргызстанда жаңы аба жолдорун ачууну ниет кылууда

14 ноября 2022, 09:37

Индиянын "Ishan Group of Companies" компаниялар тобу Кыргызстанда жаңы авиакомпания ачуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу “Ishan Group of Companies” компаниялар тобунун директору Ишан Шарма Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин аба транспортун стратегиялык өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Карим Усманов менен жолугушууда билдирди. Бул тууралуу тиешелүү мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы авиакомпания ички жана эл аралык каттамдарды аткара турганы белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги тарабынан Ishan Group of Companies өкүлдөрүнө Кыргызстандын аймагында авиакомпанияны ачуу үчүн зарыл болгон документтердин толук тизмесин жөнөтүү жөнүндө макулдашышты.