Индиялык компания Ошто таштандыларды кайра иштетүүчү завод курат

13 февраля 2023, 11:10

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Индиянын “Арман Вейст Менеджмент ЛТД” компаниясынын директору Анил Патвари менен жолугушуу өткөрүп, анда таштандыларды кайра иштетүү маселелери талкууланды.

Индиялык компания Индиянын суу менен камсыздоо, саркынды сууларды тазалоо жана катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү жаатындагы заманбап технологиялык компаниялардын долбоорлорун тартуулады.

Өз кезегинде Бакытбек Жетигенов башка ири шаарлардай эле Ош шаарында да бул тармактарда көйгөйлөр бар экенине токтолуп, Ош шаарынын мэриясы жемиштүү кызматташууга даяр экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында түштүк борбордун мэриясы менен Индиянын "Арман Уэйст Менеджмент ЛТД" компаниясынын ортосунда Индия тараптын эсебинен Ош шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу боюнча меморандумга кол коюлду.