Индия Кыргызстанга 126 млн сомго чейин кайтарымсыз каражат берүүгө даяр

6 июня 2022, 17:45

Индия өкмөтү Кыргызстанга гранттык негизде социалдык-экономикалык өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу үчүн 126,29 миллион сомдон ашпаган суммада берет. Тиешелүү документти бүгүн, 6-июнда парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети жактырды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, 2021-жылдын октябрь айында Министрлер кабинети менен Индия өкмөтүнүн ортосундагы грант боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлган. Ал жергиликтүү бийлик органдары, өкмөттөр аралык агенттиктер же өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу ишке ашырылуучу чакан, бирок натыйжалуу өнүктүрүү демилгелерин каржылоо механизмин түзүүнү камтыйт.

Ар бир долбоор боюнча Индиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдарынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө өзүнчө меморандум түзүлөт.

Индиядан гранттык жардам алууга арыздарды Кыргызстандын тиешелүү министрлиги Индиянын Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгү аркылуу жөнөтсө болот.