Казакстанда инфляция 3.3% түздү

2 октября 2019, 11:45

2019 – жылдын январь-сентябрь айында Казакстанда инфляция 3.3% түзгөн. Бул тууралуу Казакстандын статистика комитети билдирет. 

Акыркы тогуз айда тамак-аш азыктарына болгон баанын саны 6.2%, башка товарларга бааны саны – 3.3% көтөрүлгөн. Акы төлөнүүчү кызматтарга – 0.3% кыскарган. 

Тамекиге болгон баа 10.5%, сусундуктарга – 10.4%, ичимдиктерге – 6.4% кымбаттаган. Жер-жемиштерге болгон баа 12.6%, кумшекерге – 8.7%, сүт азыктарына – 3.6%, жумурткага – 1.6%, быштакка болгон баа – 1% кыскарган.