Акча басып чыгаруу жөнүндө маалымат купуя болуп саналат –  Улуттук банк

28 февраля 2023, 11:20

Коопсуздук максатында Кыргызстанда акча каражаттарын сактоо жана басып чыгаруу жөнүндө маалымат жабык болот. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева маалымат жыйынында билдирди.

Эске салсак, 26-февралда президент Садыр Жапаров Кыргызстан банкнотторду, паспортторду жана башка документтерди өзү басып чыгара турганын билдирген. Бүгүнкү күндө муну чет элдик компания жасап жатат.

Аида Карабаева сом постсоветтик мейкиндикте эң коопсуз валюталардын бири экенин белгиледи.

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы мындан ары да сомдун жогорку коопсуздугун сактоого ниеттенүүдө. Ал эми жабдууларга келсек, коопсуздукту эске алуу менен анын келип чыгышын айта албайбыз", - деди Карабаева.