Инновация деңгээли боюнча индексте Кыргызстан 94-орунду ээледи

22 февраля 2021, 14:15

Инновация деңгээли индексинде 131 өлкөнүн тизмеги кирген. Анын ичинен Кыргызстан топ-100дүн катарына кирип, 94-орунду ээледи. Бул тууралуу Global innovation index сайтында маалымдалды. 

 

Андан сырткары, Кыргызстан инновация боюнча ЕАЭБ ичинен акыркы орунду ээледи. Биринчи орунда Россия, андан соң Армения, Белорусия жана Казакстан турат. 

Кошумчалай кетсек, инновация деңгээли боюнча рейтинг дүйнөдөгү мамлекеттердин инновциялык өнүгүү көрсөткүчтөрүнө карата түзүлөт.