Чет өлкөлүк жарандар жарандык авиациянын учкучу боло алышат

3 октября 2022, 09:47

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги чет элдиктерге Кыргызстандын аймагында коммерциялык жана жарандык учактарды айдоого уруксат берүүнү сунуштоодо. Долбоор коомдук талкуу үчүн Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Аталган долбоор боюнча квалификациялык билими бар чет өлкөлүк учкучтар кыргыз жараны жок болгон учурда жана өлкөдө квалификациясы ырасталган шартта учак айдай алышат. Мындан тышкары, кыргыз окуу жайларында тиешелүү билим алган чет өлкөлүк жарандар да учак айдоого укуктуу.

Маалыматка ылайык, учкучтарды даярдоого жети-сегиз жыл кетип, бир учкучка 6 миллион сомго жакын каражат керек.