Экономикага салым кошкон чет элдиктер кыргыз паспортун ала алышат

21 ноября 2022, 10:39

Чет элдик жаран Кыргызстандын экономикасына 10 миллион сомдон кем эмес инвестиция салса, жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кыргыз паспортун ала алат. Бул тууралуу Toktom.kg укуктук порталынын сайтына жарыяланды. 

“Чет өлкөлүк жарандарга жашап турууга уруксат берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн системасын киргизүү максатында Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы No627 токтому менен чет өлкөлүк жаран (Кыргызстандын чек аралаш мамлекеттердин жарандарынан тышкары) Кыргызстандын экономикасына 10 миллион сомдон ашык инвестиция салган адам болсо,  канча жыл жашаганына карабастан, жашоого уруксат алуу үчүн арыз менен кайрылууга укуктуу”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, быйыл июль айында Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин экс-директору Равшан Сабиров маалымат жыйынында жөнөкөйлөтүлгөн ыкма менен чет элдик инвесторлор Кыргызстандын жарандыгын ала ала турган мыйзам долбоору даярдалып жатканын билдирген.