Чет элдиктер кирешесин Кыргызстанга көп калтыра башташты

8 июля 2022, 10:53

Ушул жылдын январь-март айларында тике чет элдик инвестициялардын агымы 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,5 эсеге өсүп, 278 миллион долларды түздү, деп жазды Улуттук статистика комитети.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүнүн басымдуу бөлүгүн, 167,3 миллион доллар пайданы кайра инвестициялоо ээлейт. Өткөн жылдын январь-мартына салыштырмалуу алардын көлөмү 3,2 эсеге, 51 миллион доллардан 51 миллион долларга чейин өскөн.

Кошумчаласак, тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги бөлүгү, 96,8%ы өндүрүш ишканаларына, тоо-кен, геологиялык чалгындоо иштерине, дүң жана чекене соодага, финансылык ортомчулукка жана камсыздандырууга, ошондой эле маалымат жана байланыш тармагына багытталган.