Кыргызстандагы чет элдиктер «Санарип көчмөн» статусун ала алышат
Кыргызстанда чет элдик жарандарга “Санарип көчмөн” макамын ыйгаруу боюнча пилоттук долбоор башталды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Пилоттук долбоордун алкагында маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана креативдүү индустриялар тармагына келген адистер расмий түрдө “Digital Nomad” статусун ала алышат.
Долбоорду ишке ашыруу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине жүктөлдү.