Чет элдик инвесторлор кыргыз паспортун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте ала алышат

24 июня 2022, 12:20

Чет элдик инвесторлор Кыргызстандын жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала алышат. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин директору Равшан Сабиров маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, “алтын” паспорт боюнча тиешелүү мыйзам долбоору азыр даяр жана жакында коомдук талкууга коюлат.

“Биз инвесторлор үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзөбүз. Бүгүнкү күндө инвестициясыз бир дагы өлкө өнүгө албайт. Бул жакка келгендер технологияны алып келип, завод-фабрика ачып, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп жатышат”, - дейт Равшан Сабиров.

Ал белгилегендей, Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн экономикага инвестициянын көлөмү 300 миллион доллардан кем эмес болушу керек.

“Алтын” паспорт инвесторлордун үй-бүлө мүчөлөрүнө да берилери белгиленди.