2019-жылы Өзбекстандан келген инвестициялардын көлөмү 13 эсеге кыскарган

9 марта 2020, 09:06

КМШ өлкөлөрүнөн келген чет элдик тике инвестициялардын көлөмү 2018-жылга салыштырмалуу 2.1 эсеге азайган. Бул Россиядан келген инвестициялардын  3,7 эсеге жана Өзбекстандан 13,1 азайгандыгы себеп болгон. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди. 

Муну менен катар, Казакстандан келген инвестициялардын көлөмү 1,3 эсеге көбөйдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2018-жылга салыштырмалуу Ош шаарында – 7,3 эсеге, Жалал-Абад облусунда – 1,8 эсеге, Баткен облусунда – 1,4 эсеге, Ысык-Көл облусунда – 1,3 эсеге көбөйгөн, ошол эле убакта калган облустарда жана Бишкек шаарында инвестициялардын келип түшүү агымы кыскарган.

Өткөн жылы келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын басымдуу бөлүгү - Бишкек шаарынын ишканаларына - 40 пайызга жакын, Жалал-Абад облусуна - 26 пайыздан көбүрөөк, Чүй облусуна – 20 пайызга жакыны, ошондой эле Ысык-Көл облусуна – 13 пайыздан көбүрөөк бөлүнгөн.