2019-жылы Россиялыктар эмнени инвестициялашы керек?

29 марта 2019, 09:00

 «Юнитраст Кэпитал»  компаниясы былкы жылы Россияда  инвестиция жасоого ыңгайлуу тармактарга анализ жасады.  Анда инвестициялоонун жөнөкөй  жана айрым ыкталары сунушталды. Адистердин сунуштары бир гана Россияга эмес, КМШ мамлекетерине дагы ылайыктуу.

Эксперттердин оюу боюнча инвестициялык рыноктогу мүмкүнчүлүктөрдү  пайдаланып калуу үчүн инвестициялык менеджмент жана ага чейин алган билими менен тажрыбасын колдонушу зарыл. 

Банк аманаттары 

Депозит – акча салуу туруктуу, ишенимдүү бирок инвестициялык көз карашта аз киреше бергендиктен байып кетүү мүкүн эмес. 

Банк аманаттарынан  байыса болот. Бирок, ал үчүн дүйнөлүк валюта рыногунда баа түшсө. Тилекке каршы,  баалар сейрек түшөт. Андыктан, банктык депозит капиталды сактоо учун жакшы вариант. Андан түшкөн киреше  инфиляцияга салыштырмалуу орточо болуп, бирок туруктуу. Алсак, Россияда инфляция былтыр  4.2% болсо, банктар боюнча орточо чен эсеби аманаттарга – 5% берилген.

облигацияны инвестициялоо 

Облигация – мамлекеттик же жеке баалуу кагаздар. Мамлекеттик же ири компаниялардын облигациялары банк депозиттериндей эле ишенимдүү. Бирок, анын кирешеси эки-үч эсе жогору. Учурда алардын пайыздык чени  рублга карата жылына 20%  берсе, чет элдик валютада 9% каралган.  Эксперттердин  пикиринде облигацияларга инвестиция жасоо аз тобокелдиктен, пассивдүү пайда табууга болот.

валютаны сатып алуу 

Дүйнөлүк валюталарды  сатып алуу – инвестиция жасоодо аз тобокелдиги бар инструмент. Андан киреше табуу көп эмес, ошондой эле тобокелдик дагы төмөн.Валюта рыногундагы секириктер менен тобокелдиктин алдын алуу үчүн  каражаттарды бир гана валютага салбай, бир нече валютага салса, алардагы айырма көп байкалбайт. ,

 Мультивалюталык капчык  учурда АКШ доллары, евро, англия фунт стерлинг, швейцария франкы жана кытай юаны кирет.  

Камсыздоо менен пенсиялык аманаттар 

Бул инвестициянын түрү чет өлкөдө  актуалдуу. Азыркы тапта Россияда дагы популярдуу боло баштады. Бул инвестициядан киреше табуу  жылдык мерчемде  4% дан 20% чейин. Ошол эле учурда салынган аманатка кепилдик берилет.  Аманаттарды банктар менен катар камсыздоо компаниялары дагы сунуштайт. Бул инвестициянын жагымдуу жагдайы   салыктан толук бошотулган. Келишим аяктаган соң, аманатты толугу менен алып кетсе болот же андан пайыздык пайда алып уланта берсе болот.

Венчурдик инвестициялар

Стартаптарга салым  салуу. Бул пайдалуу финансалык инструмент. Андан  50% чейин киреше тапса болот. Инвесторлор чоочун эле ишкердин башталып жаткан бизнесине каражатын салып, анын бизнес планын, анын ишмердигин жана анын өзгөчөлүгүн талдап чыгышат. , Жогорку киреше алуу, аманаттан толугу менен кол жууп калуу коркунучу менен коштолот. Ошондуктан, башталып жаткан ишке капитал салууда өтө этият болуп, баардык жагдайларды жети өлчөп бир кесүү  керек. Бул инвестиция тууралуу  «Незнайка на Луне» ,«Общества гигантских растений» деген китептерде жакшы түшүндурмо берилген.

Алтын сатып алуу

Банктык баалуу металлдарга  каражат салуу ишенимдүү.  Алар жогорку киреше бербесе дагы туруктуу жагна ишенимдүү  инструмент.  Акыркы 40 жылда алтынга болгон баа 50 эсе көтөрүлгөн.  Күмүш, платина же палладий сатып алуу  аз киреше берет, бирок рыноктогу суроо талапка  карата айрым учурда алтындын баасынан ашып турушат.  

Банкрот болгон ишканаларды инвестициялоо 

Банкрот болгон ишканаларды инвестициялоо прогрессивдүү  инвестиция.  –