2020-жылы Казакстандын саламаттык сактоо тармагына 346 млн $ инвестиция жумшалган

28 октября 2020, 17:30

2020-жылдын январь-сентябрь айларында Казакстандын саламаттык сактоо тармагына 346.4 млн $ инвестиция жумшалган. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу өсүү 86%  түзгөн. Бул тууралуу finprom.kz порталы билдирди. 

Инвестициянын басымдуу бөлүгү жергиликтүү бюджеттен алынган - 129 млн $. 88.8 млн $ - өздүк каражаттан жумшалган. Насыя булактары аркылуу - 81.6 млн $, анын ичинен чет элдик инвестициялардын көлөмү - 487 миң $ түзгөн. 

Республикалык бюджеттен инвестициянын көлөмү 31.2% же 45.4 млн долларга, банк насыялары 66.5% же 1.4 млн $ чейин төмөндөгөн.