КР инвестиция долбоорлору Азербайжанга карап чыгуу үчүн берилди

28 января 2020, 11:45

Кыргызстандын инвестиция долбоорлору жөнүндө материалдар  Азербайжанга сунушталды. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты. 

2020-жылдын 24-январында Убактылуу Ишенимдүү Өкүл Бакыт Юсуповтун Азербайжан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Президенти Нияз Анвар оглу Ализаде менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Н.Ализаде Соода-өнөр жай палатасынын иши жөнүндө маалымат берди, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөр менен эки тараптуу кызматташуунун да, эл аралык уюмдардын алкагында да колдонуудагы мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды.

2020-жылда Бишкек шаарында кыргыз-азербайжан бизнес-форумунун уюштурулуусу маселесине дагы көңүл бурулду.

Жолугушуунун аягында тараптар жолугушуунун жыйынтыктары менен канааттанганын билдиришти жана экономикалык кызматташуунун бардык спектри боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарылдыгын белгилешти.