Жыл башынан бери инвестициянын жалпы көлөмү – 393 млн. $ түзгөн

26 сентября 2019, 12:13

Жыл башынан бери инвестициялардын жалпы көлөмү 393 млн. $ түзгөн. Бул тууралуу бүгүн, 26 – сентябрда Бишкек шаарында өткөн пресс-конференцияда инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигин директору Шумкарбек Адылбек уулу билдирди. 

Анын айтымында, инвестицияларды тартуудагы динамика жакшы көрсөткүчтү берип жатат. 

Учурда инвестиция боюнча бир катар долбоорлор түшүп жатат. Бүгүнкү күндө агенство аркылуу жүргүзүлүп жаткан 17 долбоор бар деп билдирди. 

Ш.Адилбек уулу долбоорду ишке ашыруунун алдында жергиликтүү тургундардан сурамжылоо жургүзүү тууралуу сунушун билдирди.