Кыргызстанга 20 млн сом инвестиция салгандар 10 жылга виза алат

22 декабря 2022, 11:42

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Тышкы миграция жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, кабыл алышты.

Мыйзам долбоору инвестициялоо максатында Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн инвестициялык визанын жарактуулук мөөнөтүн белгилеген толуктоо киргизүүнү сунуштайт.

“Ошол эле учурда чет элдик жаран кыргыз экономикасына 10 млн сомдон кем эмес инвестиция салса, анда ал беш жылга виза алууга укуктуу. 20 миллион сомдон кем эмес инвестиция менен ​​10 жылга виза алуу укугу болот”, - деп жазылган мыйзам долбоорунда.