«Манас» аэропортуна инвестор сынактын алкагында тандалат

20 июля 2022, 10:57

Жакында Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортун модернизациялоого инвестор тандоо боюнча сынак жарыяланат. Бул тууралуу Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, бул Кыргызстан ишке ашырып жаткан мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы ири долбоорлордун бири.

“Бүгүнкү күндө бул долбоор боюнча Дүйнөлүк банктын IFC түзүмү менен келишим түзүлдү, техникалык-экономикалык негиздемеси даяр. Ал эми сынактын жарыясын күтүп жатабыз”, - деди министр.

Данияр Амангелдиев белгилегендей, келечекте Оштогу жана республиканын башка шаарларынын аэропортторун модернизациялоо пландалууда.