Үй алуу үчүн 11 жыл акча чогултуу же «Бай Түшүмдөн» 15 жылга насыя алуу: Кайсынысы ыңгайлуу?
Улуттук банктын эксперттеринин эсебинде орточо жашаган үй-бүлөдөгү эки адам эки бөлмөлүү батир алуу үчүн 11 жыл каражат чогултууга туура келет. Мындан эртерээк үй алууну каалагандар үчүн бирден бир жалгыз жол – ипотека болуп саналат.
Өлкөдө ипотека алууну каалагандардын саны аз эмес. Буга Кыргызстандагы турак-жай насыясына болгон талаптын күчөп жаткандыгы күбө. Беш жыл ичинде банктардын насыя портфелиндеги ипотека үлүшүнүн позициясы гана бекемделбестен, 10.62% (+0.7%) чейин жогорулаган. 2020-жылдын аягында кыргызстандыктар 17.3 млрд сомго ипотека насыясын алышкан.
Кыргызстанда мамлекеттик, социалдык, курулуш компанияларынан жана коммерциялык ипотекалар сунушталат. Коммерциялык ипотекадан тышкары, башка турак-жай насыясы бардык каалоочуларга тең ыңгайлуу боло бербейт. Алар адатта төмөнкүлөр менен чектелет:
- Сумма;
- Турак-жай сатып ала турган аймак;
- Насыя алууга мүмкүн боло турган социалдык группалар;
- Ала турган турак-жайга карата талаптар (өлчөмү жана максималдуу баасы боюнча).
Кыргызстанда коммерциялык ипотека боюнча пайыздык чен 18% - 22% чейин болуп турат. Бул категория аркылуу «Бай-Түшүм» банкынан 21 млн сомго чейин насыя алууга болот жана бул абдан ыңгайлуу. Себеби, өздүк салымдын көлөмү 50% же андан жогору болсо, пайыздык чен жылына 18% түзөт. Муну менен катар, карызды батир алуу үчүн жана биринчи, экинчи рыноктогу жеке үй катары алса болот.
Өзгөчөлүгү - ипотека боюнча төлөмдүн мөөнөтү 20 жылга чейин созулушу мүмкүн. Өз кезегинде үй-бүлөлүк бюджеттин карыз милдеттенмесин азайтат.
Шарттар |
Башкы маалымат |
Насыянын минималдуу суммасы |
500000 сом |
Насыянын максималдуу суммасы |
21000000 сом |
Пайыздык чен |
18% жогору |
Насыялоо мөөнөтү: |
3 жылдан 5 жылга чейин (1 млн сомго чейин) |
10 жылдан 20 жылга чейин (2 млн сомдон жогору) |
|
10 жылга чейинки насыялоодо 20% кем эмес |
|
Өздүк салым |
10 жылдан өйдө насыялоодо 30% кем эмес |
Эгерде өздүк салым 50% түзсчө же андан ашса, пайыздык чен 1% кыскарат. |
Бүгүнкү күндө турак-жайы жок үй-бүлө батирди ижарага алып жашоого аргасыз. Толук шарты менен ижаранын акысы 20 миң сомду түзөт. Бул ипотека төлөгөн менен эле барабар. Бирок, мунун биринчи айырмачылыгы - башка бирөөнүн турак-жайы үчүн төлөйсүң, экинчиси – өзүңдүн үйүң үчүн. Кайсынысын тандайсыз, албетте, чечим сизде.