Ипотекалык насыялар боюнча жылдык пайыздык чен 4-6% чейин төмөндөтүлдү

3 февраля 2022, 16:20

Министрлер кабинети "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун уставдык капиталынын өлчөмүн 5,3 миллиард сомго чейин көбөйттү. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул келечекте мамлекеттик ипотекалык насыялоо тутумун өнүктүрүү үчүн тышкы рынокто кошумча инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет.

2021-жылдын октябрь айынан тарта мурда берилген ипотекалык нгасыялар боюнча көпчүлүк коммерциялык банктар менен ипотекалык кредиттердин жылдык пайыздык чендерин 6-8%дан 4-6%га чейин төмөндөтүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Белгилеп кетсек, 2021-жылдын 31-декабрына карата 1 миң 567 млн сом суммасындагы ипотекалык насыя берилип, 732 үй-бүлө турак-жай менен камсыз болду.