Ирак мунай заттын бир баррели 68 доллардан 75 долларга чейин көтөрүлөт деп болжолдоодо

14 июня 2021, 17:45

Ирактын Мунай министрлиги ушул жылдын экинчи жарымында мунай заттын баррели 68 доллардан 75 долларга чейин көтөрүлөрүн болжолдоодо. Бул тууралуу Reuters департаменттин башчысы Ихсан Абдул Джаббарга шилтеме берүү менен жазды.

Министрдин айтымында, эгер ОПЕК өз базарларын коргоо үчүн өндүрүштүн белгиленген көлөмүн карманса, мунайдын баасы көтөрүлүшү мүмкүн.