Иран Кыргызстандыктар үчүн виза режимин жокко чыгарды

18 декабря 2023, 12:15

Иран бийлиги 33 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн виза режимин жокко чыгарды.

IRNA агенттигинин маалыматына караганда, Ирандын чечими бир тараптуу кабыл алынган жана туристтердин санын көбөйтүүгө, дүйнө өлкөлөрүнөн келген саякатчыларды тартууга багытталган.

Иран визаны жокко чыгарган 33 өлкөнүн ичинде Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Беларусь жана Россия бар.