Иран Кыргызстан менен биргелешкен ишканаларды түзүүнү көздөп жатат

22 июля 2021, 11:30

Ирандык делегация Кыргызстан менен биргелешкен ишканаларды түзүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу "Кыргызстан-Иран" бизнес форумунун жүрүшүндө белгилүү болду.

Тактап айтканда, пластикалык хирургия жана ЭКО клиникасын, жер семирткичтерди чыгаруучу заводду, дары-дармектерди чыгаруучу компанияны ачуу пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, 27-октябрдан тарта ЕАЭБ өлкөлөрү менен Ирандын ортосунда убактылуу келишим күчүнө кирди, ал өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн 50% га жакынын камтыйт. Учурда убактылуу келишимдин мөөнөтү аяктап, документ даярдалууда, тактап айтканда, Иран менен ЕАЭБдин ортосундагы эркин соода аймагы боюнча туруктуу келишим түзүлөт.