Ири суммадагы насыя алгандардын банк алдындагы карызы 4% өскөн

13 января 2021, 09:45

2020-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен банктардагы 15 ири кардардын карыздары (насыя портфелинин 24.7% түзөт), өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 3.9% өскөн. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдайт. 

 

 

Муну менен катар, банк насыяларын төлөөгө кеткен чыгымдардын көлөмү, насыя алуучулардын кирешесинин 8, 4% түзөт. 

 

Белгиленгендей, ири банктагы карыздар негизги кирешенин 10,9%, ал эми орто каржы-кредит мекемелеринин кардарларынын карызынын көлөмү дээрлик эки эсеге төмөн, 5.5% түзөт. 

Кошумчалай кетсек, банктардын ири кардарларынын карызы жалпысынан 38.3 млрд сомду түзүүдө, анны ичинен 57.4% — чет элдик банктар алдындагы карыздар.