Ирина Ким «Бай-Түшүм» банкынан кетти

22 мая 2023, 10:47

"Бай-Түшүм" банкынын аткаруу органынын курамында өзгөртүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Банктын башкаруу органынын чечими менен Ирина Ким банктын башкармалыгынын мүчөсү кызматынан бошотулду.

Эске салсак, буга чейин банктан дагы эки кызматкер - бизнести колдоо боюнча директор Мухамед Жумалиев жана кредиттик тобокелдик боюнча директор Канат Курманов иштен кеткен.