Мамлекеттер аралык банктардын кызматташтыгы күчөйт

18 июля 2019, 15:54

Бүгүн 18-июлда Улуттук банктын төрагасы менен  Мамлекеттер аралык банктын жетекчиси жолугушту. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек  Абдыгулов менен Мамлекеттер аралык банктын  президенти Игорь Суворов жолугушту. Анда банктар аралык кызматташуу жана Кыргызстанда банк системасын өнүктүрүү  тууралуу талкуу жүрдү. 

Маалымат үчун: КМШ мамлекетеринин Эл аралык банк эсеби жана кредит берүү институту болуп саналат. Банк 100% мамлекеттик капитал менен негизделген. 

Мамлекеттер аралык банк 1993-жылы негизделип, ага Россия Федерациясы, Беларусь Республикасы, Армения, Кыргыз жана Таджик Республикалары мүчө болуп кирген. 

Мамлекеттер аралык банк мүчө мамлекеттердин улуттук төлөм системаларына түз кире алат: Армения, Беларусь,  Таджикистан, Казахстан, Кыргыз Республикалары менен  Россия  Федерациясы. Мамлекеттер аралык банк арам акчаларды адалдаштырууга каршы биргелешип иш жүргүзгөн  банк.