«Ишенимдин»  ишениминен кеткендердин «негативдүү тарыхы» өзгөрбөйт

26 июня 2019, 15:22

Учурда  Кыргызстанда кредиттик портфелдин көлөмү  130,6 млрд сом болууда  Бул 2018-жылдын аягындагы көлөмгө  салыштырмалуу жыл башынан бери 2,1% жогорулаган деп билдирет Улуттук  банк. Жогоруда көрүнгөндөй  Кыргызстанда насыя алып жашаган жеке жана  юридикалык жактардын саны өсүүдө. Бирок, баардык эле  карыз алган адамдар жоопкерчиликтүбү? Карыз алгандар банктар менен финансы кредиттик уюмдар алдындагы милдеттерин так, убагында аткарышабы? «Ишеним» насыя бюросунун генералдык директору Марлис Дүйшегулов менен карыз алган кардарлар тууралуу маектештик. 

Карыз алуу- сыноо

Дегеле, кыргызстандыктар «кредиттик тарыхына» кандай мамиле жасашат? «Акчабар» финансы порталы «Ишеним» насыя бюросуна кайрылып, карыз алган кардарлардын «кредиттик тарыхына» кайрылып көрдүк. 

 «Ишеним» насыя бюросу жабык акционердик коому 2003-жылдын 17-мартында уюшулган. Алардын негизги максаты  – бул насыячылар (жеке жана юридикалык жактар) жөнүндөгү маалыматтарды чогултуучу, иштетүүчү жана сактоочу, алардын милдеттенмелерин, насыя баянын түзүүчү, жана насыя жоопчотторун берүүчү, ошондой эле насыя тобокелдигин төмөндөтүү максатында кошумча тейлөөлөрдү көрсөтүүчү уюм. Учурда насыя бюросу 240тан ашык өнөктөр менен кызматташып, алардын көмөгү аркасында сейрек маалымат топтомун түзүп, насыя баяндарынын саны 2 300 000 даанадан ашты.

Карыз төлөө кудуретине жараша тарых жазылат

«Ишеним» насыя бюросу  Кыргызстанда карыз алган баардык адамдарды өз базасына киргизип, анын ар бир кадамы катталып турат. Кардарлардын төлө кудуретине жараша «Позитивдүү» жана «Негативдүү» деп белгилешет. Сиздин  карыз алуу тарыхыңыз кайсыл жагына жазылганы, ал сиздин жоопкерчликке байланыштуу. Кыргызча, бир күн эмне болмок эле деп камырабай кредитти убагында төлөбөгөндөр «негативдүү» кардарлардын катарын толуктайт.  Ал тизмеде кардар жети жыл сакталып, мөөнөтүнөн мурда чыгаруу же өзгөртүүгө жол жок. «Позитивдүү» же «негативдүү» кардарлардын кимисинин саны басымдуу деген сурообузга «Ишеним» насыя бюросу мындай маалымат берберин билдирди. 

«Ишеним» насыя бюросу «позитивдүү» жана «негативдүү» кардар деп аныктоосун карыздардын финансалык кудуретин аныктаган баа берүү системасын киргизген. Бул банктар менен финансы кредиттик уюмдардын тобокелдиктерин кыскартып, келечектеги кардар тууралуу толук финансалык  маалымат тез убакытта алынат.

Андыктан, сиз банкка же финансы-кредиттик уюмга кредит алууга барганда алар сиздин дал ушулу маалыматыңызды карап, анан сизге ишенип акча берсе болобу же болбойбу деп чечим чыгарат. Ошондуктан, «Ишенимдин» ишениминен кетүү сиз үчүн маанилүү. Ал сиздин келечектеги финансалык  абалыңызга оң же терс таасир этиши сиздин карыз  тарыхыңызга байланыштуу. 

Скоринг (текшерүү) отчету – бул, кредиттик бюронун маалымат баазасында сакталып турган математикалык/статистикалык ыкмаларга таянуу менен субьекттин кредитти төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган бардык маалыматтарга жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөр.

Скоринг - төлөөгө жөндөмдүүлүктү сыпаттаган бардык маалыматтар аркылуу сандык көрсөткүчтү аныктоо менен чечим кабыл алуу процессин жеңилдетүү үчүн каралган. Баллдык көрсөткүчтөрдүн мүмкүн болуучу чеги топторго бөлүнөт, алардын ар бири өз аталышына ээ (A1ден E3кө чейин) жана түсү боюнча бири-биринен айрымаланат: эң эле ишенимдүү субьекттер тобу үчүн ачык жашыл түстөн, олуттуу тобокелдикке баруу менен иш алып барган карыз алуучуларды билдирген кызыл түскө чейин:

Тобокелдик деңгээли           Чектер          

Дефолттун келип чыгуу 

ыктымалдыгы

Аныктамалар
А1 740 - 900 0,00% - 0,78%   тобокелдик деңгээли өтө эле төмөн
А2 725 - 739 0,81% - 1,09%   тобокелдик деңгээли өтө эле төмөн
А3 710 - 724 1,14% - 1,54%   тобокелдик деңгээли өтө эле төмөн
В1 695 - 709 1,61% - 2,16%   тобокелдик деңгээли төмөн
В2 680 - 694 2,26% - 3,03%   тобокелдик деңгээли төмөн
В3 665 - 679 3,17% - 4,23%   тобокелдик деңгээли төмөн
С1 642 - 664 4,42% - 6,99%   тобокелдик деңгээли орточо
С2 620 - 641 6,14% - 11,11%   тобокелдик деңгээли орточо
С3 599 - 619 11,58% - 16,88%   тобокелдик деңгээли орточо
D1 575 - 598 17,54% - 26,12%   тобокелдик деңгээли жогору
D2 560 - 574 27,02% - 33,33%   тобокелдик деңгээли жогору
D3 530 - 559 34,37% - 50,00%   тобокелдик деңгээли жогору
E1 380 - 529 51,16% - 96,97%   тобокелдик деңгээли өтө жогору
E2 251 - 379 97,10% - 99,99%   тобокелдик деңгээли өтө жогору
E3 250  -250 100,00% - 100,00%   тобокелдик деңгээли өтө жогору
   

ФОЭС9 скоринг (кредит портфелине скоринг)  жеке адамдардын 12 ай мөөнөтүнө алган кредити боюнча дефолттун келип чыгышы ыктымалдыгына, ошондой эле бүтүндөй кредит мөөнөтүнө талдап-иликтөөнү жүргүзүү үчүн  колдонулат. Скорингдин бул түрү “Ишеним” кредиттик бюросунун маалыматтарынын негизинде Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын 9-стандартына мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен түзүлгөн жана карыз алуучулардын милдеттенмелери боюнча келип чыгышы мүмкүн болгон кредиттик чыгымдарды туура баалоого жардам көрсөтүү үчүн каралган.

Кредит алууга берилген билдирмелерге скоринг (аппликациялык скоринг) – карыз алуучунун кредитти төлөөгө жөндөмдүүлүгүн аныктоого жана кредиттик билдирмеде, кредиттик таржымалда камтылган маалыматтардын жана башка булактардан алынган маалыматтардын негизинде дефолттун келип чыгуу ыктымалдыгын аныктоого өбөлгө түзөт. Скорингди жүргүзүү үчүн өлчөмү анчалык жогору болбогон керектөө кредиттери боюнча билдирмелерди кароого алуу, ошондой эле аны карыз алуучунун кредиттик таржымалы жок учурда жүргүзүү эң эле оптималдуу болуп саналат.