22-марттан бери ишканаларга, жарандарга 5,2 млн сомго айыппул салынган

3 июля 2020, 12:50

Бишкекте 22-марттан бери Санитардык-экологиялык инспекция тарабынан ишканаларга, жарандарга 5,2 млн сомго айыппул салынган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров билдирди.

 

Ал белгилегендей, 22-марттан 2-июлга чейин Санитардык-экологиялык инспекция тарабынан 5,2 млн сомго 629 протокол түзүлгөн. Анын ичинен пандемия шарттарында эреже бузган кафелерге, жеке жактарга 293 протокол түзүлүп, 952 миң сом айыппул салынган.