Ишкер айымдар эң көп сулуулук жана ден-соолук тармагында бизнес кылышат

8 марта 2023, 15:25

Борбор Азия, Чыгыш, Түштүк-Чыгыш Европа жана Кавказда аялдар сулуулук жана ден-соолук тармагында бизнеске ээлик кылышат. Бул тууралуу “Visa” жана “Emerging Europe” уюму дүйнөлүк She's Next өнөктүгүнүн алкагында жүргүзгөн изилдөөсүндө аныктаган. 

Маалыматка ылайык, изилдөөдө аялдар эң көп сулуулук жана ден-соолук тармагында 17%, чекене соода 12%, айыл чарба жана азык-түлүк тармагы 12%, билим берүү 8%, пиар жана маркетинг тармагында 7 % ишкердүүлүк жүргүзүшөт. 

Белгилей кетсек, изилдөөнүн жыйынтыгында аймактагы лидер аялдар санариптик маркетингге жана социалдык медианы колдонуу көндүмдөрүн жогорулаткылары келери аныкталган.