Ишкер аялдарды колдоо үчүн бюджеттен каражат бөлүү пландалууда

21 ноября 2022, 12:30

Өлкөдө аялдардын ишкердигин колдоо үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүү пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде Аялдардын ишкердигинин декадасынын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында Экономика министрлигинин ишкердик чөйрө саясаты бөлүмүнүн башчысы Муса Катаганов билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2026-жылга чейин улуттук өнүктүрүү стратегиясынын алкагында аялдар ишкердигин өнүктүрүү боюнча тапшырмалар коюлган.

"Анын алкагында аялдардын ишкердигин колдоо үчүн каражаттарды бюджетке киргизүү пландаштырылууда. Ошентип, бүгүнкү күндө бул маселе тиешелүү органдарда каралып жатат”, - деп айтылат маалыматта.