Кыргызстанда ишкерлерге товардын сапаттуулугу боюнча премия ыйгарылат

5 марта 2020, 11:00

Кыргызстандык ишкерлерге «Сапат жана коопсуздук: жашоонун бийик стандарттарына карай!» наамы үчүн ат салышуу сунушталууда. Аталган сынак КР Экономика министрлигине караштуу Наамдарды ыйгаруу Кеңеши тарабынан жарыяланды.

Сынакка эт жана эт продукцияларын өндүргөн ишканалар, илимий-изилдөө ишканалары, урук жана асыл тукумдуу чарбалары катыша алышат. Наамды алууга менчик формасына көз каранды эмес юридикалык жана физикалык жактар ат салыша алышат.

Сапаты боюнча наамдар сынактык негизде кызматтарын тартуулоодогу сапатын камсыздоодо көрүнүктүү жыйынтыктарга жетишкендиктери үчүн, алардын коопсуздугун камсыздоодо, ошондой эле колдонуучулардын талаптарын канааттандырууда, менеджменттин натыйжалуу системаларын киргизүү боюнча берилет.

Сынактын катышуучулары КР сапат боюнча премиясынын критерийлерине, КМШнын продукциянын сапаты боюнча премиясынын критерийлери менен Европалык сапат боюнча премиясы менен шайкештелген критерийлери боюнча бааланат.

Сынакка жигердүү катышып, сапат тармагында көрүнүктүү жыйынтактарды көрсөткөндүгү үчүн лауреаттар байгелер жана дипломдор менен сыйланат. Андан сырткары, жеңүүчүлөр «Сапат» премиясынын эмблемасын өздүк жарнамалык жана маалыматтык материалдарында үч жыл ичинде колдоно алышат.

 

Сынакка катышууну каалаган субъекттер кеңештин техникалык катчылыгына коюлган үлгүгө ылайык билдирүү калтырышы керек. Билдирүүлөрдү кабыл алуу 2020-жылдын 1-июнуна чейин, ал эми материалдарды тартуулоо- уюмдардын өзү-өзү баалоосу боюнча анкеталар- катышуучуардын техникалык катчылыгына кайрылуусу- 2020-жылдын 1-июлуна чейин уланат.

 

Баардык суроолор боюнча кеңештин техникалык катчылыгына төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууга болот +996 312 66-22-81, факс +996 312 66-13-67