Issyk-Kul ITF — 2023: 13-майда Ысык-Көлдө туристтик сезон ачылат

10 мая 2023, 17:00

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 13-майда “Issyk-Kul ITF - 2023” эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси өтөт. Ошондой эле, 2023-жылкы жайкы туристтик сезондун расмий ачылышы болот. Бул тууралуу Туризм департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, Ч. Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда өтүүчү “Issyk-Kul ITF 2023” көргөзмөсүнө келгендер туристтик фирмалардын, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн жана башка туризм тармагында иштеген уюмдардын товарлары жана кызматтары менен тааныша алышат. Ошондой эле, коноктор этно оюндарга, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстарына катышып, маданий программаны көрө алышат. 

IITF 2023 платформасы – эл аралык туристтик компаниялар, туроператорлор жана агенттиктер, туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, мейманканалар жана товар ташуучулар үчүн жыл сайын жолугушуучу жай.

“Issyk-Kul ITF - 2023” эл аралык көргөзмө-жарманкесинин максаты - өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүү, кызыктар тараптардын туристтик бизнесинин ортосунда ишкердик байланыштарды түзүү, туризмдин потенциалын дүйнөлүк рынокто жылдыруу, туристтерди тартуу жана Кыргызстандын туризм тармагына инвестиция тартууга көмөктөшүү болуп саналат.