Тарых музейи электр энергия үчүн 1 млн сом карыз

29 ноября 2019, 14:30

Кыргыз мамлекеттик тарых музейи электр энергия үчүн «Түндүкэлектр» ишканасына  1 млн сом карыз. Бул тууралуу «Түндүкэлектронун» басма сөз кызматы билдирди. 

Андан сырткары, карыздардын тизмегинде Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи 477 миң сом, №21 жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 1 млн сомдон ашык, КР президентинин алдындагы мамлекеттик департамент мекемелери  2.6 млн сом, «Ысык Көл» мамлекеттик ишканасы 2 млн сом, ОсОО «Продсервис» 8.3 млн сом карызы бар деп жазылат маалыматта.