Италиялык компания Ошко ири тигүү цехин курат

4 мая 2021, 17:00

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов италиялык BERING SERVIS компаниясынын директору Федерико Фантинаны кабыл алды. Бул тууралуу аталган облустун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жарасул Абдураимов ири тигүү цехин ачуу пландалып жаткандыгын айтты.

«Биз керектүү жабдыктарды италиялык LONATI компаниясынан сатып алабыз. Өндүргөн продукциябызды Европанын базарына экспорттой алабыз», - деди Абдураимов.

Федерико Фантин кызматташууга даяр экендигин билдирди.

«Мен жетектеген BERING SERVIS консалтинг компаниясы Борбор Азиядагы бир нече италиялык компаниялардын өкүлү. Алар ар кандай тармактарда кызматташууга даяр. Ош облусунда ири долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Кандай гана долбоор болбосун кызматташабыз», - деди ишкер.

Тараптар ошондой эле сары ташты кайра иштетүү жана экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулашты.