Июль айында салык жана төлөмдөрдөн 6.9 млрд сом чогултулду

5 августа 2020, 12:13

Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын июль айында 6 миллиард 859,1 миллион сом салыктарды жана төлөмдөрдү чогултту. Белгиленген план 9,9%га же 616,1 миллион сомго көп аткарылган. Бул тууралуу аталган кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктык түшүүлөр 548,9 миллион сомго көбөйгөн.

Үстүбүздөгү жылдын жети айында 40 миллиард 452,3 миллион сом салыктар жана төлөмдөр чогултулган.