Июлда санитардык эрежелерди бузган ишкерлерге 395 миң сом айып салынды

6 августа 2020, 14:00

Июль айында Бишкек мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы (СЭИ) санитардык эрежелерди бузган ишкерлерге 395 миң сом өлчөмүндө айып салган. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Айып пул негизинен кафе жана тез тамактануучу жайларга салынган.

«Көрсөтүлгөн талаптарга баш ийбей жашыруун компьютердик клубдар дагы иштешкен. Бирок алар бир дагы жолу текшерүү учурунда колго түшкөн эмес», - деп айтылат билдирүүдө.

Убактылуу иштөө режими киргизилгенден бери, СЭИ инспекторлору жалпысынан 1 миллион 287 миң сомго 289 протокол түзүштү.