Июнь айында республикалык бюджеттин кирешеси 20.4 млрд сомду түзгөн
Борбордук казынанын берген маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын июнь айында республикалык бюджеттин кирешеси 20 млрд 414 млн 463.7 миң сомду, чыгаша – 12 млрд 855 млн 938.3 миң сомду түзгөн.
Республикалык бюджеттин бир айлык кассалык планы төмөндөгүчө:
- Бюджеттин кийинки айдагы калдыгы;
- Республикалык бюджеттин кирешелеринин кийинки айга карата планы;
- Кийинки айга карата бюджет чыгымдарынын планы;
Кассалык план - белгиленген мөөнөткө бюджет кирешелеринин алдын ала божомолдоосу жана бюджеттик төлөмдөр болуп саналат.