Бюджеттин 91 млрд сому социалдык секторго жумшалат

25 ноября 2020, 16:30

Чыгашанын 91 млрд сому же 54% социалдык тармакка жумшалат, анын ичинен саламаттык сактоо тармагына — 16.7 млрд сом, билим берүү тармагына — 2.9 млрд сом, социалдык коргоого — 34.7 млрд сом , маадниятка — 2.9 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында премьер-министрдин убактылуу милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирди.  

Муну менен катар мамлекеттик бюджеттин резервин 1.9 млрд сомго түзүү дагы пландалууда. Бул каражаттар өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарына ылайык шашылыш чараларды талап кылган күтүлбөгөн чыгымдарга жумшалат.

«Андан сырткары, коррупция менен күрөшүүдө Бирдиктүү депозиттик эсепке түшкөн каражатка 13 мектептин курулуш иштери үчүн 330 млн сом жумшалат. Бул каражаттар буга чейин каралган. Андан сырткары, Сауд өнүктүрүү фонду 28 мектептин курулуш иштерине 30 млн доллар бөлөт», — деп билдирди Новиков.