Былтыр «Коопсуз шаар» долбооруна бюджеттен 43,9 млн сом бөлүнгөн

27 января 2023, 15:57

Былтыр республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 6 миллиард 945,7 миллион сом суммасында каражаттар бөлүндү.

Анын ичинен теңдештирүүчү трансферттер иш жүзүндө 1 млрд 423,2 млн сомго, максаттуу трансферттер 5 млрд 522,5 млн сомго каржыланган.

Анын ичинде каражаттын бир бөлүгү, тактап айтканда 43,9 млн сому Бишкек шаарындагы “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында “Акылдуу шаар” компонентин ишке ашырууга жумшалды.