Алыскы чет өлкөлөрдөн рекорддук көлөмдөгү акча которуулар жасалды

17 мая 2022, 10:58

Март айында алыскы чет өлкөлөрдөн акча которуулар 1,7 эсеге көбөйүп, 13,3 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк жарыялады.

Бул 2005-жылдын январынан берки байкоолор боюнча рекорддук сумма.

Алсак, АКШдан Кыргызстанга 5,2 миллион доллар, Улуу Британиядан 500 миң доллар, Германиядан 200 миң доллар жана башка алыскы чет өлкөлөрдөн 7,3 миллион доллар которулган.